Календарь
Календарь сизге кийинки айыздын качан келээрин айтып берет.
Сиз календардын форматын тандап, атайын сиз үчүн түзүлгөн болжолдоолорду ала аласыз. Өз циклиңизге канчалык көп көз салсаңыз, кийинки айызыңыздын болжолу ошончолук так болот!
“Oky” болжолдуу түрдө гана бере алаарын унутпаңыз, айыз дайым эле бир убакта болбогондуктан, божомол да дайыма эле так боло бербейт!
"Okyни" персоналдаштыруу
“Okyден” тиркемени колдонууга жардам бере турган, курбуңузду тандаңыз. Ошондой эле тиркеменин фонун тандасаңыз болот.
Сиз “Okyдеги” аватар – курбуңузду же фонду каалаган убакта алмаштыра аласыз!
Энциклопедия
Билим – бул күч!
“Oky” энциклопедиясында айыз жана өз организмиңиз тууралуу биле турган нерсенин баары бар.
Анда саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперттер тарабынан текшерилген анык жана сапаттуу маалымат топтолгон.
Күндөлүк карточкалар
Өзүңүздү жакшы билүү үчүн өз абалыңызды күн сайын текшерип туруңуз!
Биздин кеңештер ден соолугуңуз чың жана бактылуу болууга жардам берсе, викториналар окутуунун көңүлдүү болушуна жардам берет!